www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кактус медиа” сайтына айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков Кыргызстан азык-түлүк менен өзүн камсыз кыла албай турганын жарыя кылды. Болуптур, камсыз кыла албайт экен, анда министр мырза кантип камсыз кылуунун чараларын көрбөйбү. Жок, андай аракет байкалбайт. Алты айдан бери анын кылган жумушу – Каракол шаарына өзүнүн менчик убойный цехин ачып, бийлигине таянып башка цехтерди жаптырып тынды.

Себеби, Жаныбековдон башкалардын бизнеси жүрбөшү керек экен. Анын ойлогону эле чет өлкөдөн грант же насыя келсе, өзүнүн “Рейна кенч” жана башка фирмаларына котортуп, ошолорду өнүктүрүп, жеке байлыгын арттыруу. Аскарбек Жаныбековдун андан башка максаты жок. Ал мурда да министр болуп иштей албай алты айдан кийин бошогон, себеби, “гранттарды жеп коюптур” деген да имиштер бар. “Мойнунан байлаган ит ууга жарабайт” дегендей, ушинтип басса-турса өзүнүн кожолугун ойлогон киши мамлекет, эл үчүн иштеп бермек беле? Бул эми карышкырга кой кайтарткандай эле да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости