www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Каржы министри Алмаз Бакетаев Бишкекте өтүп жаткан брифингде бюджет канча киреше тапкандыгы жана каражат кайда жумшалгандыгы тууралуу айтып берди.

Анын билдиргенине караганда, республикалык жана жергиликтүү бюджетти, ошондой эле, Социалдык фонддун жана Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун бюджетин же консолидацияланган бюджетти камтыган мамлекеттик башкаруу секторунун бюджетинин ресурстарынын пландык көрсөткүчтөрү 188 млрд сомго, ал эми анын аткарылышы 190 млрд сомго жетти.

Ал белгилегендей, былтыркыга салыштырмалуу өсүш 53,4 млрд сомду түздү. «Өткөн жылга салыштырмалуу салыктык түшүүлөрдүн өсүшү байкалууда, өсүү темпи 150% деңгээлинде калууда, бул ресурстар үчүн негизги көрсөткүчтөр. Биринчи жарым жылдыкта 72,7 млрд сомго жакын салык, 31,7 млрд сом бажы төлөмдөрү чогултулду», - деди ал.

Бакетаев баса белгилегенедей, социалдык тармакка 65,4 млрд сом, реалдуу секторго 41,6 млрд сом, мамлекеттик карызды тейлөөгө 16,4 млрд сом жана мамлекеттик башкарууга 7,6 млрд сом бөлүндү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости