www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЕАЭБ өзүнүн калкы үчүн гана эмес, башка мамлекеттерге дагы азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп бере алат. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) соода боюнча министри Андрей Слепнев билдирди.

Ал "Чыгыш экономикасы — 2023" форумунун алкагында өтүп жаткан "Евразиялык агроэкспресс. Азия-Тынч океан регионунда соода жүгүртүүнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү" аттуу сессияда сөз сүйлөдү.

Министрдин айтымында, соңку 20 жыл ичинде Евразия аймагында, тагыраагы, Евразия экономикалык бирикмеси менен Борбор Азиянын өнөктөштөрүнүн азык-түлүк боюнча соода жүгүртүүсү 8,5 эсеге өсүп, 15 миллиард доллардан ашкан. Эксперттердин баасы боюнча, 2035-жылга чейин өз ара соода жүгүртүүнүн көлөмү дагы эки эсеге өсүшү мүмкүн.

Слепневдун айтымында, үчүнчү өлкөлөргө жасалган экспорттун көлөмү дагы туруктуу өсүп жатат. COVID-19га чейинки 2019-жылды алсак, 15 пайыздык өсүштү көрүүгө болот: ЕАЭБден тыш аймактарга айыл чарба өндүрүштүк продукциялары 34 миллиард долларга жеткирилген.

Министр Азия-Тынч океан аймагына кеткен агым дагы көбөйгөнүн белгиледи. Салтка айланган номенклатура баарына белгилүү: май, соя буурчагы. Мындан тышкары, жаңы продукциялар дагы пайда болду. Алар: эт азыктары, тоок, кондитердик азыктар, ич эт.

"ЕАЭБ аймагында айыл чарба продукцияларын өндүрүү туруктуу өсүп жатат. Башкача айтканда, биздин бирикме өзүнүн калкы үчүн гана эмес, башка мамлекеттерге дагы азык-түлүк коопсуздугунун кепилдиги болуп бере алат. Бирок биз бул тууралуу туруктуу логистика болгондо гана айта алабыз", — деди ал.

Буга байланыштуу ЕЭК министри чек арадан өткөрүү эффективдүүлүгүн, товарлардын кыймылын көзөмөлдөө жана санариптештирүү маселелерин талкуулоону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости