www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 11-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту активист Мирлан Ураимовго карата өкүм чыгарды.
Анын жактоочусу Юлия Богданова билдиргендей, судья ишти Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнөн 321-берененин 1-бөлүгүнө өзгөртүп, аны бир жылга эркинен ажыратуу менен жалпы режимдеги түзөтүү колониясында өтөө өкүмүн чыгарган.
«Бүтүн Кыргызстан» партиясынын мүчөсү Мирлан Ураимов «бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасоого” шек саналып 2022-жылдын февраль айында кармалган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматы боюнча, ал социалдык тармактарда чагымчыл материалдарды тараткан.
Булак: NazarNews.kg