www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оо, кийин, келечек муун өткөн кылымда балаңдай деген, азуусун айга жанган, атын укканда ыйлап жаткан бала сооронгон шоопурлардан турган "серый кардиналдар" болуптур деген уламыштар айтылса керек.

Чынында, шоопурлар кожоюнуна жакын болуп, ары-бери ташып жүрүп болгон сырын билип алган соң, "алгач койнуна кирип, анан мойнуна минген аялдардан" дагы өтүп кетишет окшойт.

Айталы, Алмазбек Атамбаевдин тушунда ити чөп жеп, ченебей көпкөн Икрамжан Илмиянов деген мамлекеттин эки тизгин бир чылбырын кармагысы келип, "көшөгө артында" көмүскө иштерди жең ичинде жүргүзүп турду го. Икрамжан деген серый кардиналдын атын укканда далай министрлер мышыктай "мыёлоп" жиберген доор өттү.

Ырасында, шоопурлар кыйын чыгаары биздин өлкөдө элеби, же башка чет жакта дагы ошондой болду бекен? Дегенибиз, мисал келтире берсек, төбөсү элге көрүнгөн тың чыкмалардын ичинде шоопурлуктан өскөндөр жетиштүү.

Мына, Жогорку Кеңештин эки жолку депутаты, Транспорт министринин орун басары болгон Таабалды Тиллаев кызматтык карьерасын кезинде ошол учурдагы Каржы министри, Ички иштер министри болгон Темирбек Акматалиевдин шоопуру болуп баштаган. Кийин кызын ала качып алып, натыйжада кайынатасынын аркасында саясатка аралашып, мансап, байлык күткөн. "Жаман атка жал бүтсө, жанына торсук байлатпайт" болуп, бутунан туруп алган соң, Акматалиевдин кызын ара жолго таштап ажырашып кеткен. Эр экен, жашашты билген.

Ошол эле Жогорку Кеңештин үч жолку чакырылышынын депутаты, Ысык-Көл облусунун губернатору болгон, "Бир бол" партиясынын лидери, азыркы кезде бараандуу саясатчыга айланган Алтынбек Сулайманов дагы Рустам Мамановдун шоопуру болгон. Ал кезде Мамановдун ташы өйдө кулап, акчалуу ишкер, Жогорку Кеңештин депутаты эле. Кийин, Сулайманов ичкен кудугуна түкүрүп Рустам Мамановго каршы көп иштерди жасады. Мына адамгерчилик?..

Азыркы кезде "шоопурдун шоопуру" делген Каныбек Туманбаев мамлекеттик саясатта көрүнүктүү фигуралардын бири катары, президенттин иш башкармалыгын башкарып илебине нан бышып турган чак. Учурунда Атамбаевдин шоопуру Икрамжан Илмияновдун шоопуру катары белгилүү эле. Эмне дейбиз, "бактылуу чочконун мурдунан бок кетпейт" деген ырас тура.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости