www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ким Чен Ын Россияга расмий сапар менен барат

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Россияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Кремлдин маалымат кызматы билдирди.

"Россия Федерациясынын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Корея Элдик Демократиялык Республикасынын төрагасы Ким Чен Ын жакынкы күндөрү РФке расмий сапары менен келет", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Түндүк Корея лидеринин Москва сапары боюнча Батыш ЖМКлары жазган. Болжолдуу дата 13-сентябрь экени айтылган.

Учурда Путин Владивостокто өтүп жаткан Чыгыш экономикалык форумуна катышып жатат. Анын маалымат катчысы Дмитрий Песков бул форумдун алкагында Ким Чен Ын менен жолугушуу каралбаганын айткан.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости