www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурдагы президенттин тушунда туурасын айтыш керек, алгылыктуу аракеттер бар. Пенсия, пособие көбөйдү, мектептер, жолдор салынууда, жада калса кароосуз калган айрым аэропорттор ишке кирүүдө. Башкасын айтпаганда дагы кечээги Жыргалаң курортунун ачылышы өлкөдөгү алгылыктуу аракеттерди ырастайт.

Колдоочулары айткандай, Кумтөрдү алдык. Бирок, дагы деле эл ичинде нааразылыктар орун алып, президенттин тарапташтары аларга каршылык көрсөтүп, айтор олку-солкулук орун алууда. Мунун себеби эмнеде?

Сырттан караган адамга Октябрь окуяларынан кийин бийликке келген Садыр Жапаровдун жасап жаткан иштери көзгө чалдыгат, бирок, эртеңки күнгө ишеним жоктой. 

Эң биринчи себеби, кадрдык саясаттын орду жоктугу болууда. КР Өкмөт башчысы Акылбек Жапаровдун салык саясаты, Ата Мекендик ишкерлерге карата мамилеси, мурдагы-кийинки элдин жүрөгүн айланткан окуялары, айтор “куйругунда калбыры бар” адамдын ким экендигин эл билсе деле бийликте кармап туруу чоң кемчилик болууда. Муну коомчулук даана көрүп турат. Башкасын айтпаганда дагы, Алымкадыр Бейшеналиев сыяктуу кадрларды иштен алып, кайра кызматка алып келүү бийликке олку-солку мамилени пайда кылууда.

Өкмөттүн кыш мезгилине карата солгун даярдыгы билинип калды. Кара-Кеченин көмүрүнө Өкмөт тыйуу салып, кайра уруксат берип, электр жарыгын үнөмдөө тууралуу бийлик тарабынан чакырыктар жасалып, бул дагы бир жагынан элдин маанайын түшүрдү. Асман шаары сыяктуу амбициялуу долбоор аксап турат, Кемпир-Абад, 4 пансионаттын айланасындагы окуялар акыркы учурларда орун алды. Жарандык активисттерди камоолор күч алып, ага саясатчы Адахан Мадумаровдун камалышы ого бетер кошумча болду. 

Президенттин иш аракетиндеги дагы бир кемчилик, фейк-фабрика иштетүүгө шектелген Дайырбек Орунбеков тууралуу ооз ачпай турушу ошо бетер нааразылыкты күчөттү. 

Чын-чынында кыргыз коому башаламан саясый окуялардан тажаган. Карапайым калктын ишенимин аркалап кетүүдө башкалардан айырмаланып, Садыр Жапаровдо шанс көбүрөөк эле. Анын өзүнүн бул мүмкүнчүлүгүн толук пайдаланбай жатышына көп себептерди мисал тартууга болот. 

Эң биринчиси, мамлекет башчы кызматына күтүүсүздөн келиши. Албетте, муну “багына жазганы” менен байланыштырууга болот. Экинчи тарабы, жылдап жыйылып калган көйгөйлөрдү чечүү көп күчтү талап кылууда. Саясый окуялардан улам, мындай олуттуу иштердин бүтүшү деле тилекке каршы, көз жаздымда калууда. Себеби, ыраазы болгон көпчүлүк элетте жашайт. Нааразы болгондордун басымдуу бөлүгү жарандык коомдун өкүлдөрү. Саясый окуялардан улам аларды ынандырууга болгон аракеттер жасалганы менен айрым мыйзамсыз иш-аракеттерден улам четке сүрүлүүдө. 

“Эки дос” синдромунун жайылышы эл ичинде ар кандай кептин таралышына негиз болууда. Сот, укуктук тармактардагы айрым тескери иш-аракеттер мурдагыдай нукта жүрүүдө. Мунун кесепетинен аталган тармактардын материалдык-техникалык жаңылануусу деле айрым учурда көз жаздымда калып кетүүдө. Коргоо жана коопсуздук тармагындагы  материалдык-техникалык жаңылануулар маалымат тармагын байытып, бирок, тез эле күндүн бүктөмүндө калып кетүүдө. 

Асман шаарына кошумча, 4 пансионаттын окуясы, Азербайжан мамлекетинин карамагына көл аймагынан 17 гектар жер берүү сыяктуу инвестициялык аракеттер дагы өз кезегинде каршылыкты пайда кылууда. Мунун баарынын себеби эң эле жөнөкөй. “Элитасы” чектелүү, эли жакыр өлкө Садыр Жапаровдон сыйкырчыдай аракеттерди күтүүдө. Өз кезегинде мамлекет башчылыкка даярдыгы жок, күтүүсүз бийликке келген Садыр Жапаров жаңы адамдардан команда топтоодон чочулап, андан-мындан куралган, көз караштары ар түрдүү адамдардын тобу менен алдастап кадам таштоодо. Саясаттан жана саясатчылардан жалкыган эл андан өтө көптү талап кылууда. Көп учурда алчы-таасын жегендердин жетегине түшүп кетүүдө. 

Мындай абалда президент элге таяна турган жерде. Анткени, бийлик чочулагандай саясый олку-солкулук жок. “Абалдын өзгөрүшүн” күткөн тараптардын өздөрүндө аракет жок. Ток этээрин айтканда, азырынча “туз-көзүр” Садыр Жапаровдун колунда. Бирок, саясый окуялар көрсөтүп тургандай жарандык коому жандуу өлкөдө курама командасы, чабал маалымат саясаты менен бийлик “өз бутуна өзү” чалынууда. Кырдаалды жөнгө салууга сергек акыл, так анализ гана талап кылынат. Калганын мезгил көрсөтөт.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости