www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Калктын 70 пайызы коронавируска каршы вакцина алганда мектептер мурдагыдай, кадимки тартипте иштей баштайт. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 130 миң адам коронавируска каршы вакцина алды.

"Министрлик августтун ортосуна чейин 1 миллион 250 миң адамды эмдөөнү пландап жатат. Кыргызстанда калктын 70 пайызы эмделиши үчүн 2 миллион 137 миң адам вакцина алышы зарыл. Бул процессти өкмөт, президент өз көзөмөлүнө алды. 1-сентябрга чейин Кытай, Россиядан дагы вакцина алалы деп жатабыз. Калктын 70 пайызы эмделип, коллективдик иммунитет пайда болгондо гана мурдагы жашоого кайтып, мектептерде окуучулар да кадимки тартипте окуй баштайт", — деди Бейшеналиев.

Эске салсак, 11-июлда өлкөгө Sinopharm вакцинасынын 1 миллион 250 миң дозасы алып келинип, калкты массалык түрдөө эмдөө башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости