www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Электр энергиясына болгон лимит менен жогорку баа пайдалануу көлөмүнүн өсүшүн ооздуктап турууга, башкача айтканда, үнөмдөөгө багытталган. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
«Энергетиктер керектөөчүлөр электр энергиясын үнөмдөшү үчүн миң киловатт/саатка чейинки диапазонду белгилешти. Бизде кошумча каражат табуу деген максат жок. Болгону электр энергиясын ашкере пайдаланбай тизгиндеп туруш керек болуп жатат», — деди министр.
Анын айтымына караганда, өлкөдө орточо керектөө 700 киловатт/сааттан ашпайт жана миң киловатт/сааттык чектөө турмуш-тиричилик үчүн жетиштүү болот.
Эске салсак, кечээ күнү президент Садыр Жапаров аз камсыз үй-бүлөлөр үчүн электр энергиясынын бир киловатт/саатын 74 тыйындан сатууну сунуштады. Ал эми жашоо шарты оор алыскы жана тоолуу аймактардын жашоочуларына 1,04 сомдон эсептөө сунушталса, калган жашоочулар колдонулган электр энергиясынын көлөмүнө карабастан 1,48 сомдон төлөшү керек болот (кышында 1000 киловатт/сааттан ашса 2,29 сомдон эсептелиши мүмкүн).
Булак: NazarNews.kg