www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева өтө билим тармагын көтөрбөсө дагы  кылкылдап кызматын аркалап келүүдө. Министр болуп келгенден бери Билим тармагында эч кандай жаңылык көрсөтүп, агынан жарылып мектеп маселеси тургай жок дегенде китеп маселесин көтөрө элек. Чындыгында Кыргызстанда акыркы жылдары билим тармагы соолуп өчүп бара жаткандай. Мындай жолду Элвира Сариева таштап кетти, аны Гүкүнтай улантууда.

Баса, күзүндө Гүлмира Кудайбердиева кызматынан кетет деген кептер Ак үй тарапта айтылууда. Азырынча так маалымат жок болгону, Кудайбердиванын кызматтан кетпей жүргөнүнө айран таң калып  “домкратын” сураштырсак, легендарлуу инсан Икрамжан Илмиянов экен.

Көрсө узун кулактардын айтымында Билим Берүү министри Гүлмира Кудайбердиева Икрамжан Илмияновдун сырдааш, санаалаш, “эң жакын” адамдарынын бири экен деп уктук.

Кандай болгондо дагы экөөнүн очогунан оту өчпөсүн, болгону мамлекеттеги кадр саясатын баарынан бийик койбосок кыргыздын келечеги талкаланбайт деп эч ким кепилдик бере албайт.

КРнын президенти Сооронбай Жээнбеков кадр маселесине кылдаттык менен мамиле кылса жакшы болот эле. Экономикасы аксап турган Кыргызстанга, мамлекеттик башкарууга азырынча сулуу көздөр менен сулуу жүздөрдүн кыпындай кереги жок эле. Ал эми Билим тармагына профессор Каныбек Осоналиевди алып барса жакшы көрсөткүчтү 3 айдын ичинде көзгө сайып көрсөтмөк.

Булак: NazarNews.kg

                                                                                                                                                                                                                          

Последние новости