www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШтан келген 4 миллиард 200 миллиондун учу чыга баштаган “маршты” уюштургандардын бирин мартабалуу мансапка министр Каныбек Исаковдун түзмө-түз көрсөтмөсү аркылуу өкмөт башчысы Мухамедкалый Абылгазиев өзүнүн жеке колу коюлган Буйругу менен дайындаган. Министр Каныбек Исаков 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу пикирин билдире элек. Ал эми ал Илим жана билим министри болуп келер менен кесипчилик билим берүү агентчилигинин директору болуп дайындаган Рита Карасартова ушул “марштын” “дирижеру” катары Коопсуздук органдарынын колуна түшүп келди. Биринчиден, жөн эле капыстан келип карап турган адамды, Коопсуздук органдары колтугунан жетелеп барып, колтойгон айыптарды мойнуна салбайт. Экинчиден, ушундай Батыштын акчасына элди дүрбөтүү үчүн жасалган акцияны жетектеп министр Каныбек Исаковдун үлкөн кызматтагы атка минери жүрөт.

2019-жылдын аягында  АКШтан америкалык элчилик аркылуу 4 миллиард 200 миллион сом акча келгени көпчүлүккө белгилүү. АКШ мынча акчаны бекер алып келмек беле, албетте, бир гана Кыргызстанда эмес кошуна жаткан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанды, ал эмес Кытайдагы уйгурларды дүүлүктүрүп, деги эле Борбор Азияда жаңжаал, чуулгандуу окуялар болушун көктөн тилеп турушат. Бул үчүн министр Каныбек Исаков жоктон тапкансып, премьер-министр Мухамедкалый Абылгазиевдин Буйругу менен кызматка койгон “чинишканы” бутага алып, анын кол алдындагы НПО аркылуу элди бузуп-жаргысы келип турат. НПОго эмне элге чуулган салат да, Батыштан акча алат, кокус чыр чыгып кетсе, ого бетер көбүрөөк акча алат. Анткени, АКШтан бул акчалар чуу чыгарыш үчүн келген акчалар. Бул министр Каныбек Исаков ойлоп жаткандай оюнчук эмес. Азыркы НПОлор Батыштын акчалары менен Борбор Азияга коркунуч туудуруп турат. Бир гана Борбор Азияга, бул оюн ушул чөлкөм аркылуу Орусия менен Кытайга ыдык көрсөткүсү келип турат, ошол мамлекеттерден таасир алышка бөлүнгөн каржылар. Ал эми министр Каныбек Исаков мактап жатып алып келген “атка минери” кесипчилик билим берүү агентчилигинин директору үчүн алып жаткан жалыйнага жаба түкүрүп, НПОсу аркылуу Батыштын түздөн-түз көрсөтмөлөрүн аткарууга өттү. Же эмне министр менен кесипчилик билим берүү агентчилигинин директору жергиликтүү соттор Биринчи май, Ленин, Октябрь райондорунун бийликтеринин арызынын негизинде расмий эмес иш-чараларды, анын ичинде марштарды, митингдерди өткөрүүгө 1-июлга чейин чектөө киргизгенин билбейби?

“Аялдардын шериктештик маршына” катышкандар: “Жатын меники эмне кылам өзүм билем” –деп жатышат. Бул деген бери эле болгондо обу жоктук. АКШда 300 миллиондон ашык адам бар. Алар бул сөздү айтса болот. Анткени, аялдар төрөбөсө деле тышкы миграциянын айынан АКШ мамлекетинин калкынын саны өсүп кетип, тыштан киши кийирбөө үчүн мыйзамдарды кабыл алып жатат. Эгер АКШ тыштан кишилерди ооздуксуз кийире турган болсо, бир заматта жарым миллиардды чабат. Ал эми кыргызстандык эмес, жалпы кыргыздар канчабыз, үч миллиондон ары эптеп ооп турабыз. Анын канчасы эмгек миграциясында? Кокустан, министр Каныбек Исаковдун “атка минерлери” уюштурган бул акциялардагынын сөзүн угуп, наристеси жок өтсөк байыркы нарк-насилдүү кыргыз эли тамырын соолтуп алат. Мунун барын министр жакшы түшүнөт. Ары-бери ойлоп министр Каныбек Исаков жаңжаал чыккан “Аялдардын шериктештик маршына” демөөрчү эмеспи деген ой кетет, болбосо кол алдындагы “улуу урматтуу” кесипчилик билим берүү агентчилигинин директорун тыйып койбойбу?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости