www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ 8-мартта болуп өткөн Аялдардын эл аралык күнүндө «Аялдардын шериктештик маршы» тууралуу коомчулук каршы пикирин билдирүүдө. Бирок арасында бирин-серин аларды колдогондор дагы жок эмес. Ал эми бийликтеги депутаттардан «Бир бол» партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен Алмамбет Шыкмаматов кечээги «жатынчыларды» ачык колдоп чыкты.

Депутат Алтынбек Сулайманов, бир нече саат мурун өзүнүн социалдык тармагы аркылуу айрым кыргыздын жигиттерине билдирүү таратты.

«Ассаламу алейкум, урматтуу мекендештер! Биз кыргыздын жигиттери кечээ күнү 8-март Аялдардын эл аралык майрамы менен кыздарыбызды, энелерибизди, жалпы аял затын кызуу куттуктап жаттык. Ошол мезгилде борборубузда болгон окуяны көрүп аябай зээним кейиди. Качан кыргыздын жигиттери башына калпак кийип, бетин бет кап менен жаап, сабады эле? Мындай көрүнүш, менимче, бул-жапайычылык, сабатсыздык, алсыздык. Кыргыздын жигиттери элин, жерин, кызын коргогон. “Эр жигит эл четинде, жоо бетинде” дейт. Урматтуу жигиттер, көзүңөрдү ачкыла! Жасаган иштериңер такыр туура эмес. Жигит деген, мырза деген, эркек деген андай болбойт. Алсыздарга, назиктерге кол көтөрүү бул-алсыздык. Жигит деп, кыргыздын мырзасы деп айтышка оозум барбайт. Ал жигиттер алсыздар. Кыйын болсоңор, бетиңердеги бет капты чечип келгиле, сүйлөшөлү.»,-деди Сулайманов.

Урматтуу ЖК депутаты Алтынбек мырза. Сиз кечээги окуяны же болбосо «жатынчылардын» жакшы пропагандасын түшүнбөсөңүз уят эле. Албетте бирөөнүн бир жери бирөөгө кызык эмес. Ушул окуя башка мусулман мамлекетте болсо чоң ызы-чуу чыкмак. Өткөн жылы Оруссия так ушуларга каршы митинг өткөргөн. Сиз олтуруп алып маска кийиген жигиттерди чакыргандай «каралардын» «лөгү» белеңиз…адатыңызга салбаңыз. Кечээги жийиркеничтүү кадамга «каралар» дагы каршы чыкса керек. Сиз калпак кийген эркек болсоңуз, эрдемсинбей, элтеңдебей кыйын болсоңуз кыргыздын жоголуп бара жаткан улуттук идиологиясын колдоп чыгып, КЫРГЫЗ эли үчүн күйүңүз…Депутаттар кыргыз элинин кызыкчылыгын ойлобосоңор оозуңузга келгенди оттоп, мурдуңарга келгенди жыттабай мандатыңарды таштап кеткиле!

Баса, Алтынбек мырза, ошондо «Бир бол» партиясы силердин шайлоочуңар жана колдоочуңар кечээги митингдин катышуучуларыбы?

Урматтуу Алтынбек мырза, сиз кечээги ак калпакчандарды жеке күрөшкө чакырсаңыз, биз сизди NazarNews маалымат агенттиги сөзгө чакырабыз…Кечээги ак калпакчандардын бир тал чачы эмес, бир кирпигин түшүргөнгө сиздин акыңыз жок! Америкага, бир же эки жолу барып койсоңуз эле, кыргыздын "жытын" унутуп каласызбы? Кыргыз эли сизге ары бери чуркап ойногон хоккей эмес, өзүңүздү басып алыңыз, калпакты башка кийип жана алып коюу оңой эле, адамдык сапатты сакташ керек...Сизди килтейген партиянын лидери деп эми мындан ары "кошоматчыларыңыздан" башка эч ким айтпаса керек! 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости