www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылдын 6-мартында КР УКМК нөөмөт бөлүмүнө Россия Федерациясынын консулдук бөлүмүндө жардыруучу зат орнотулганы боюнча анонимдүү маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу NazarNews.kgге УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя болгон жерге дароо УКМКнын атайын адистеринен турган топ барып, аймак курчоого алынып, дипломатиялык кызматкерлер эвакуацияланган.
Мекемени текшерүүнүн жүрүшүндө жарылуучу зат жок болуп чыккан.
Бул факт КР УКМК Тергөө башкы башкармалыгына сотко чейинки өндүрүштүк материалдар КР Кылмыш-жаза кодексинин 246-беренеси (Терроризим актысы боюнча жалган маалымат берүү) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.
УКМК тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1974-жылы туулган М.Т.К. аттуу Кыргыз Республикасынын жараны аныкталып кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
УКМК эскертет: жалган маалыматтарды тараткан үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыш жоопкерчилик каралган.
Булак: NazarNews.kg