www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Индияда 15 жаштагы кыздын ашказанынан 3 килограмм чач алынып салынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда окуя, Индиянын Уттар-Прадеш штатында болгон. Анда 15 жаштагы Шивани аттуу кыздын тамак сиңирүү органы начарлап, өзү теңдүү кыздарга караганда бир топ эле кичирейип кеткен. Буга камсанаа болгон кыздын ата-энеси аны дароо ооруканага алып жөнөгөн.
Дарыгерлер кызды текшерүүгө алганда, анын ичинде белгисиз топтошуп калган затты байкашкан. Кийин ал заттын чач экенин аныкталып, өспүрүмдүн тамак сиңирүү органынан 3 килограммга жакын чач алынып салынган.
Дарыгерлер Шванинин бала кезинен тарта чачтарын жей баштаганын, бул жаман адаттан тезирээк арылышы керектигин айтышкан.
Булак: NazarNews.kg