www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда коронавирустун үчүнчү толкуну майдын аягы июндун башында башталат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, бул жагдай COVID-19га каршы антитела 8 айдан 1 жылга чейин сакталышына байланыштуу.
«Калктын басымдуу бөлүгү 2020-жылдын июнь-июль айларында коронавирус менен ооруган. Айрымдары жеңил түрү менен ооругандыктан алардын антителасы өтө жогорку деңгээлде болгон жок. Алар ташуучу жана жайылтуучу роль аткарышы мүмкүн. Ошондуктан биз профилактикалык иштерди жүргүзөбүз», — деди ал.
Бейшеналиевдин айтымында, мурунку ката кайталанбасы үчүн бардык ооруканалар дары-дармектин 2-3 айлык запасы, кошумча дарыгерлер менен камсыздалган.
Министр үчүнчү толкунга карата даярдыктар жүрүп жатканын белгиледи. «Ооругандардын көпчүлүгү Бишкек менен Чүйдө катталууда», — дейт Бейшеналиев.
Кыргызстанда коронавирустун биринчи толкуну 2020-жылдын июнь-июль айларында, экинчи толкуну ноябрь айында келген.
14-апрелге карата акыркы сутка ичинде коронавирустун 240 жаңы учуру катталды. COVID-19 диагнозу менен катталгандардын жалпы саны 90 839га жетти.
Бүгүнкү күндө 3800дөн ашык адам коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Булак: NazarNews.kg