www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биринчи май райондук сотунун судьясы Азирет Медеров мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгынын абалын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады. Бул тууралуу Кундуз Жолдубаева билдирди.
Анын айтымына караганда, Кой-Таш окуясы боюнча соттук териштирүү иштери 2019-жылдын август айында экспертиза соңуна чыкканга чейин токтотулган.
Жолдубаева ошондой эле бүгүнкү жыйынга соттолуучу Равшан Жээнбеков келбегенин белгиледи. Анын жактоочулары экс-депутат коронавирус жуктуруп алышы мүмкүн деген маалым кат беришкен.
Биринчи май райондук соту соттук териштирүү иштери токтотулуп, экспертиза дайындалганын ырастады.
Булак: NazarNews.kg