www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан коронавируска каршы Россиянын «Спутник V» вакцинасын май, июнь айларында ала баштайт. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстанга аталган вакцинанын 500 миң дозасы акысыз негизде берилет.

«Буга чейин Экономика жана каржы министрлигине вакцина алуу үчүн акча таап, Россиянын «Спутник V» вакцинасын алуу тууралуу тапшырма берилген. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзүндө Россиянын вакцинасы өзүн оң жагынан көрсөткөндүктөн, бардык өлкөлөр аны сатып алууга ашыгууда. Ал эми Россиядагы завод аны өндүрүүгө жетишпей жатат. Биз «Спутник V» вакцинасын май, июнь айларында ала баштайбыз», - дейт министр.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2-апрель саат 8:00гө карата COVID-19 коронавирус инфекциясына каршы 417 адам эмделгени айтылган.

Калкты эмдөө үчүн Бишкекте 5 эмдөө пункту Бириккен үй-бүлөлүк медицина борборунун жана №7 үй-бүлөлүк медицина борборунун базасында, Ысык-Ата жана Сокулук райондорунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна 5 эмдөө пункту, Ошто №8 жана №10 ҮМБнын эки филиалынын базасында 2 пункт ачылган.

Эскерте кетсек, Кыргызстанга Кытайдан SinoPharm вакцинасынын 150 миң дозасы келген. Вакцинаны биринчилерден болуп 29-мартта саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости