www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев Euronews телеканалынын президенти Педро Давид менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык имиджин илгерилетүү, инвестицияларды тартуу, ошондой эле өлкөнүн туристтик потенциалын кеңири масштабда жайылтуу маселелери талкууланды.

Министр Мирбек Мамбеталиев 2026-жылы Кыргыз Республикасы бир катар маанилүү тышкы саясий жана жалпы мамлекеттик факторлордун айкалышына байланыштуу эл аралык коомчулуктун өзгөчө көңүл борборунда боло тургандыгын белгиледи. Атап айтканда, өлкөнүн Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылуусу, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүүсү, Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгын белгилөөсү, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкер катары шайлоого катышуусу маанилүү окуялар катары белгиленди. Добуш берүү 2026-жылдын 3-июнунда Нью-Йорк шаарындагы БУУнун штаб-квартирасында өтөт.

Мындан тышкары, Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун алкагында биргелешкен эл аралык медиакампанияларды ишке ашырууга карата даярдык бар экендиги маалымдалды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясы тарабынан Euronews медиакомпаниясы менен Кыргыз Республикасы тууралуу имидждик видеоматериалдарды иштеп чыгуу жана жайгаштыруу багытында кызматташуу маселелери активдүү иштелип жаткандыгы белгиленип, бул багытта бекем саясий эрк жана чечкиндүү ниет бар экендиги баса белгиленди.

Жолугушууда техникалык мүнөздөгү маселелер, анын ичинде контент даярдоо, видеоматериалдарды берүү жана тартуу иштерин уюштуруу боюнча маселелер да талкууланды.

Euronews медиакомпаниясы өз кезегинде кызматташууга даяр экендигин билдирип, Кыргыз Республикасында өтө турган маанилүү эл аралык иш-чараларды кеңири чагылдырууга колдоо көрсөтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи.

Последние новости