www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин демилгеси менен Сулайман-Тоодогу көрүстөндөрдүн үстүндөгү темир тосмолорду жана курулуштарды ирээтке келтирүү боюнча жыйындын экинчи отуруму өткөрүлдү.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Союзбек Надырбеков катышты. Ошондой эле атайын түзүлгөн ведомстволор аралык комиссиянын мүчөлөрү офлайн жана онлайн форматта катышышты.

Отурумдун жүрүшүндө иштерди уюштуруу тартиби каралып, орнотулган темир тосмолорду жана башка конструкцияларды демонтаждоо маселеси талкууланды. Мындан тышкары, зыярат кылуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу жана тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча чаралар каралды.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга белгиленген тартипте иштерди жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

Последние новости