www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи керектелүүчү азык-түлүктүн бааларынын өсүшүн кармап туруу боюнча Экономика жана финансы министрлиги, Фрунзе, Глобус, Народный жана башка соода түйүндөрү, КР кантты өнөр жайлык керектөөчүлөр ассоциациясы жана башка азык-түлүк товарларын жеткирүүчүлөрдүн катышуусунда бир катар жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында соода түйүндөрүндө социалдык мааниге ээ товарлардын бааларын кармап туруу боюнча чараларды кабыл алуу жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ал 9-марттан тартып күчүнө кирет жана 1-июнга чейин күчүндө болот.

Макулдашуунун катышуучулары азык-түлүк товарларын туруктуу баада сатып алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон аракеттерди жана чараларды көрүүгө милдеттенишет.

Макулдашууда азык-түлүктүн 4 түрүнө бааны кармап туруу боюнча чараларды көрүү каралган:

- күн карама майы;

- 1-сорттогу ун;

- кумшекер;

- 1-сорттогу ундан жасалган нан.

Ошондой эле жеткирүүчүлөр макулдашууга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирген же ар бир соода уюму менен макулдашуу күчүндө болгон мезгилде, келишимдин тиркемесинде көрсөтүлгөн өлчөмдө товарларды сатуу бааларын белгилөөгө жана аны колдонуу мөөнөтүнүн ичинде көрсөтүлгөн бааларды жогорулатпоого милдеттенишет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости