www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кооптуу чекке жетти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде энергетика жана өнөр жай министри Кубанычбек Турдубаев билдирди.

Министрдин айтымында, 8,7 миллиард куб - бул өтө төмөн деңгээл. 

«Эгер шашылыш чаралар көрүлбөсө, 2022-жылы суунун көлөмү 5,5 миллиард кубга чейин төмөндөп кетиши мүмкүн. Бул абалдан чыгуунун үч жолу бар: электрди сырттан импорттоп келүү, ички генерацияны көбөйтүү, же ички керектөөнү азайтуу керек», - деди министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости