www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Айсулуу Мамашованын логикасы боюнча министр Улан Ниязбеков отставкага кетип, Айзаданын окуясына карай шалаакылыкка жол берген 44 кызматкерди сактап калышы керек экен. Баракелде! Кичине акыл чөйчөгүн кеңейтип, ой жүгүртсө не? Же жөн гана тийишип калуу кербезиби?

ИИМ системасындагы ички иликтөө, кызматтык тартип, эрежелердин негизинде чечим чыкты да. Министр адатта баарынын башында туруп, калыстык иретинде анализдеп, ырааттуу чечимди кабыл алганга батынды.

Ооба, күтүүсүздөн каргашалуу окуя болуп кетти. Ошого жараша милиция кызматкерлерин жазалоо иштери мыйзам алкагында жүргөнүнө ынандык. Мындан ары баарына сабак болсун! Ал эми министрдин кызматтан кетүүсүнө эч кандай негиз жок.

Баса, ошол каргашалуу күндөрдө Улан Ниязбеков чет жерде командировкада жүргөнүн эске сала кетмекчибиз. Айрым бейөкмөтчүлөр, акгивисттер да ушул жааттан чектен чыгышып, бирөөнүн кайгысын саясатка аралаштыруу менен «заказдарды» ашкере аткаргандары таң калдырат.

Булак: Азия New гезити

Последние новости