www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

21-декабрда Министр Улукбек Кочкоров Талас облусунундагы иш сапарынын алкагында, Талас шаары жана Талас районунун калкы менен жолугушуп, элдин суроолорун жана арыздарын укту.

Жолугушуунун катышуучуларынын басымдуу бөлүгү аз камсыз болгон үй бүлөөгө берилүүчү жөлөк пул, балага сүйүнчү жана жеке ассистент боюнча суроолор менен кайрылышты. Министр, Улукбек Кочкоров 2019-жылдын, 1-январынан тартып 18 жашка чейинки дайым кароого муктаж, өзүнүн фунционалдык муктаждыктарын аткара албаган балдарды караган камкорчусуна айлык берилип баштала турганын түшүндүрдү. Эмнеге 18 жашка чейинки, 6000 баланын ата энеси же камкорчусуна гана айлык төлөнүп жатканын төмөндөгүчө түшүндүрдү.

"Көп жылдан бери майыптуулугу бар, дайым кароого муктаж балдарды караган ата-энесине айлык төлөп берүү маселеси көтөрүлүп, бирок ишке ашпай келген болчу. Буюрса, жаңы жылдан тарта ишке ашканы турат. Бүгүнкү күндө дайым кароого муктаж адамдарды караган адамдардын барына ассистенттик төлөм берүүгө бюджеттин чамасы жетпейт",-деп кошумчалады У.Кочкоров. Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга 5 жылда берилүүчү путевка боюнча электрондук тизме түзүлүп жатканын маалымдалды. "Айрым жарандарыбыз өзүнүн укуктарын билишбейт экен. Алар, 5 жылда бир жолу берилүүчү путевка бар экени жөнүндө кабары жок. Ошондуктан биз электрондук тизме түзүнүн үстүндө иштеп жатабыз",-деди министр.

Мындан тышкары берилген суроолорго жооп берилип, түшкөн арыздарды кабыл алды. Жыйынга чогулган эл ыраазычылыгын билдиришти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости