www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш. Жээнбековдун 2018-жылдын 19-декабрында берген пресс-конференциясында жана 21-декабрда Жогорку Кеңештин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияда 2018-жылдын 24-ноябрында 47 саясий-коомдук жана мекенчил уюмдарынын биргелешип өткөргөн Курултайдын айрым чечимдери боюнча өзүнүн жеке пикирин билдирди.

Тактап айтканда Курултайда талкууланган негизги үч маселе боюнча: - Конституциялык реформа; - "Кумтөр" алтын кени боюнча иштеп жаткан коррупциялык келишимди денонсациялоо; - "Саясий куугунтук" менен камалгандардын иштерин кайра каратуу маселелерине каршы экенин расмий билдирди. Биз Президенттин билдирүүсүн анын жеке пикири, ою жана позициясы катары гана тааныйбыз жана ага макул эместигибизди билдиребиз. Ошону менен биз, дагы бир жолу Кыргызстандын элине, мекенчил күчтөрүнө, айрыкча интеллигенция өкүлдөрүнө кайрылабыз: Кыргызстандагы президенттик жеке башкарууга каршы турууга, өз бийлигибизге, өз байлыгыбызга ээ болууга, саясий куугунтукка жол бербөөгө мурда болуп көрбөгөндөй бирге болууга чакырабыз.

Урматтуу Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстандын элинин эң жогорку өкүлчүлүктүү органы катары Конституцияда бекитилген "Конституцияга өзгөртүү киргизүү" , мыйзам түрүндө ратификация болгон келишимдерди денонсациялоо, мыйзамдардын бирдей, так аткарылышын контролдоо укугуңуздарды так аткарып, Курултайдын чечимдерине туура мамиле кылат деген үмүттөбүз.

Бул маселелер президенттин ыйгарым укуктарына кирбейт. Эгерде Жогорку Кеңеш Кыргыз Республикасынын Президентинин жеке пикирин колдоп, Курултайдын чечимдерин колдобосо анда биз Курултайдын чечиминин 14-пунктуна жана баш мыйзамыбыздын 79, 114-беренелерине ылайык элдик демилге менен кол топтоону 2019-жылдын январь айынан аргасыз баштаарыбызды билдиребиз.

Аткаруу Комитети

Булак: NazarNews.kg

Последние новости