www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда жапырт элди COVID-19 вирусуна текшерүүгө адистер жана лаборатория жетишсиз. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов “Азаттыктын” “Эксперттер талдайт” берүүсүндө билдирди.

“Жалпы кыргыз элин тесттен өткөрүүгө мүмкүнчүлүк жок. Себеби, бизде он бештей эле атайын адисттер бар, ал эми он эле лабораториябыз бар”, - деди министр.

Ошондой эле, Абдикаримов азырынча жеке менчик медициналык мекемелерге өз алдынча тест тапшырууга уруксат бериле электигин маалымдады. Анын себебин жеке лабораториялар тийиштүү жабдыктар, коопсуздук чаралары менен камсыз болбогону менен түшүндүрдү.

Белгилей кетсек, буга чейин коомчулукта жарандарды коронавируска массалык текшерүү керек деген демилгелер көтөрүлгөн. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости