www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек мэриясынын расмий сайтында "Шаардыктарга жардам" деген тиркеме иштеп баштады. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, тиркеме аркылуу жардамга муктаж ар бир жаран арыз калтыра алат.

"Ал үчүн мэриянын www.meria.kg сайтына киресиз. Сайтка кирери менен оң жакта кызыл төрт бурчтуктун ичинде "Шаардыктарга жардам" деген жазуу чыгат. Аны басып, шилтемеге киргенден кийин анкета толтуруу керек", - деп айтылат маалыматта.

Анкета толтуруу эрежеси:

  • Аты-жөнү;

  • Паспорттогу ИНН номер;

  • Жашаган жердин дареги;

  • Билдирме. Бул бөлүккө арыз бергениңиздин себебин жазышыңыз керек. Эгер абалыңызды далилдеген документтер бар болсо, бул бөлүккө бекитиңиз.

Соңунда мэриянын штаб кызматкерлери арыздарды ыкчам түрдө карап чыгып, жардамга муктаж болгон жарандардын тизмесине кошот.

Эгер суроолор болсо шаардыктар төмөнкү телефондорго чала алышат:

  • Биринчи май району — 661537, 0702 493993, 0990 644410;

  • Ленин району — 656920, 0551 184328;

  • Свердлов району — 360707, 0703 906116, 0705 641833;

  • Октябрь району — 576550, 0555 401681, 0709 812324.

  • Мэрия штабынын ыктыярчылары — 0551 573989.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости