www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы болбосо дагы, үлкөн саясатчылардын катарына кошулуп, кошул-ташыл таза дүйнөсү менен кыргызга күйүп-жанган, социалдык тармактарда жазган аңгеме, терең ойлонткон макаласы менен элдин көңүлүн бурган, мурдагы шаардык депутат Жамалбек Рысалиевдин кезектеги “Жакшы адамдар сериясынан” темасына бул жолу, Кыргызстанда кызуу талкууга айланып, көпчүлүк учурда кызыкчылык менен жазабы же кызыгып тийишип көргүсү келеби, айтор, айтылуу даңкы далайга кеткен Райымбек Матраимовго токтолгон. Келгиле окурмандар, Жамалбек  Ырсалиевдин макаласына көңүл буруп көрөлү.

--Былтыр Кадыр түндө Раим Матраимов жөнүндө жаза калып жакын эле досторум канча төлөдү? Эмне алып берди? Депутат кылам деп убада бердиби? Мына ушул суроолор менен кошо мени кошоматчы кылып жиберишкенде атам да тааныбайт деп туруп постумду алып салгам. Быйыл карантүнгө кабылганыбызда элге жардамдын көч башында "Исмаил ата"-кайрымдуулук фонду менен Искендер жана Раимбек Матраимов деген аттар кайрымдуулук кылып жатат деп дембе-дем угуп жатабыз. Берсе дагы бай жакшы, бербесе да бай жакшы, жесе дагы май жакшы, жебесе да май жакшы деген кыргыздын макалы бар. Ылайым элибизде байлар көп болсун. Элдикин ичип жептир иш козгойт экен десе дарыяны кече качпай же аэропорттон салам айтпай ачык эле Кудайдын алдына барганда деле жооп берем. Ага караганда азыр мыйзамдын алдында жооп берип акталып алайын деп аракет кылганда эркек экен деп калгам.

Эми элибизге кыйынчылык келгенде түндүк-түштүк, батыш-чыгыш- деп бөлбөстөн жардам берип жатышат. Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин. Раим менен учурашкан да эмесмин. Эми ыгы келсе жолугуп колун кысып Кудай сизге ыраазы болсун деп чын дилимден ыраазычылык билдирем. Искендер аке менен жолуккам. Менден бетер шашма кишиби же чын эле убактысы тарбы билбейм, мышык бетин жууганча убакыт көрүштүк. Телефонун да сурап албаптырмын.
Экинчиси: Азат Исакунов 15 миллион сом бөлүп салып оозумду ачырды. Ал жигитти да көргөн эмесмин. Элге чын дилинен берип жатканы, депутат боло калат элем же мени пиар кылып койгулачы дебестен унчукпай эле которуп салганы кубандырды.

Үчүнчүсү: Бергенинен артыгын чыгарып баарыбызды сөгүп салып камалып кетти. 7-класс билими бар Доктор Назаралиевдин пациенти экен. Мейли ага да рахмат! Сөкпөсө, анан менин арык жээрде айгырымды туурабаса мактайт элем. Бовой калды.

Төртүнчүсү: Мирлан Исагалиев менин досум. Акылдуу баштан акмак чач түшөт дегендей чачы жок болгон менен башы шумдук иштейт. Буга чейин эле өзүнүн кичи мекени тургай Таласка чейин тез жардам машиналарын таратып жүргөн. Балыкчы шаарына заманбап гемодиализ борборун куруп берип элдин алкышын алган. Көп кайрымдуулук иштерин кылып келет. Буюрса,түрктөрдөн акчасы тийсе мага да тез жардам алып берет. Мен болсо айылга алып барып берем. Ермек Маркабаев...Эрмек деген досум Казакстанда бизнес кылып бутунан туруп Кыргызстанга келип "Сары-Өзөн"-деген жашылча-жемиш базарын ачты. Эртең менен чалдым. Эй, Досум, чеснок алып берчи десем, кичи мекениме жардам берейин деп жолго чыгып алдым эле дейт. Айылдагы колунда жок, жетим жесирлерге ун, май-чай алып берейин деп жөнөп кетти. Шаарыбызга арзан жер-жемиш, жашылча ташып келип кандай чоң жардам кылып жатышат. Эрмек Карасаевич баштаган Сары-Өзөн базарынын жамаатына терең ыраазычылык.

Эми аягында айтаарым ушундай макала чыгып интернетке жайнап кетти. Раим+Анжелика=УЯТ. Раим акенин да кайын журту, бала-бакыра, жерге жээги куда сөөгү бар. Анжелика карындашым да ошондой. Анын үстүнө Анжеликага жабыштыргандардын алды акыретке аркасы дагы башка жерлерге кетти... Анан колунда бар бизнесмен же бай болсо эле Анжелика менен жүрөт экен дейбиз. Кыргыз менен чет жерде эс алып келиптир, казака тийген жатыптыр. Эми, Раимга чаптап башташты. Бул уят достор. Анжеликанын кыздары да чоңойуп келе жатат. Бакыт каалап койолу. Баягы көп роза гүл берген жигит менен бактылуу болсун.

P.S. Урматтуу достор! Тизмем дагы уланат, бирок, сиздерден сураныч?! Жаман сөз, уят комментарий жазмай жок. Элибизге кичине сыноо келип турганда бири-бирибизге арка-жөлөк болуп туралы. Ким ууру ким аягы суюк аны Кудай өзү таразалайт. Биз үчүн азыр ынтымак керек. Жакшы кабарларды элге жеткирели. Берешен мыкты жигиттерге ыраазычылык билдирели. Дагы катарлары көбөйсүн. Берген унду курттап кетиптир дебей кесирленбей жөн жейли. Бир убакта арпадан ун салып туруп элебей жегенибиз эсибизден чыкпасын. Уурдаган акчасын таратсын дегенди токтотолу. Уурдап алып чет өлкөдө "Трак"минип тырактап кеткендерди эмне кыла алдык. Элибиз аман болсун. Бактылуу бололу. Ынтымак болсун! Сиздерди терең урматтоо менен Жамалбек Ырсалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости