www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2026-жылдын 2-апрелинде Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Монголиянын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Содном Ганхуягды анын өлкөдөгү дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкө ортосундагы кызматташтыктые актуалдуу маселелерин талкуулап, 2023-жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Монголияга мамлекеттик сапарынын жана 2025-жылы Монголиянын Президенти Ухнаагийн Хурэлсухтун Кыргызстанга мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө көңүл бурушту. Ошондой эле жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги алдыдагы сапарлардын графиги каралды.

Айрыкча биргелешкен өнөр жай долбоорлорун илгерилетүүгө, атап айтканда «Касиет» камвол-ийрүү фабрикасын ишке киргизүү боюнча практикалык кадамдарга көңүл бурулду.

Министр Ж.Кулубаев монгол делегациясын 2026-жылы Кыргызстанда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөрдүн оюндарына (КДО) катышууга чакырып, Монголиянын көчмөн маданиятын сактоо жана жайылтуудагы маанилүү ролун белгиледи.

Аймактык кызматташтыкты талкуулоонун алкагында тараптар Кыргыз Республикасынын Уюмдагы учурдагы төрагалыгын эске алуу менен Шанхай кызматташтык уюмундагы (ШКУ) өз ара аракеттенүүнү да карап чыгышты.

Өз кезегинде Элчи Содном Ганхуяг жемиштүү кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирип, эки өлкөнүн ортосундагы достук мамилелер мындан ары да бекемделерине ишенимин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында министр Ж.Кулубаев С.Ганхуягдын кыргыз-монгол мамилелерин өнүктүрүүгө, саясий диалогду кеңейтүүгө кошкон жеке салымын жогору баалап, аны Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйлады жана мындан аркы ишмердүүлүгүнө ийгиликтерди каалады.​​​​​​​

Последние новости