www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин орун басары Рысгүл Акимжанова Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү ишканалардын ишмердүүлүгү менен таанышты.

Ал алгач Ысык-Көл облустук Кайра иштетүү өнөр жайы жана органикалык айыл чарба башкармалыгына барып, мекеменин иши жана материалдык-техникалык базасы тууралуу маалымат алды.

Андан соң Арал айылындагы сафлор майын өндүргөн «Эрдик» ЖЧКсынын ишин көрдү. Ишкана экологиялык таза сафлор майын өндүрүп, продукциясын негизинен ички рынокко сатат. Министрдин орун басары өндүрүштү кеңейтүү жана сырьё менен камсыз кылуу маселелеринде министрлик тарабынан колдоо көрсөтүлөрүн белгиледи.

Ошондой эле Тасма айылындагы табигый чөптөрдөн самын өндүргөн ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышты. Аталган ишкананын продукциясы да негизинен ички рынокко чыгарылат.

Иш сапардын жыйынтыгында жергиликтүү айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, жаңы өндүрүштөрдү ачуу жана ишкерлер менен кызматташууну күчөтүү маанилүү экени белгиленди.

Последние новости