www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин «Кыргыз Республикасынын кен казуу тармагын реформалоо маселелери жөнүндө» жарлыгынын жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруунун алкагында Министрлер кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби бекитилди. Тийиштүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду.
Документ сынак жана аукцион аянтчаларында 100% мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилер жана мамлекеттик ишканалар үчүн жер казынасын геологиялык чалгындоого жана иштетүүгө лицензия алуу жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.
Жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартиби жер казынасын пайдалануу укугун алууда, 100 пайыз акциясы мамлекетке таандык болгон жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү юридикалык жактарга артыкчылыктуу укуктарды берүү нормаларын карайт. Ага ылайык жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндө 100 пайыз мамлекеттик үлүшү бар чарбалык субъектилерге жана мамлекеттик ишканаларга төмөнкүлөр берилиши мүмкүн:
- мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участоктору;
- жер казынасынын аукциондук участоктору.
Токтомдун толук мазмуну менен бул жерден таанышууга болот.
Булак: NazarNews.kg