www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Медицина кызматкерин ишиндеги көйгөйдү айтып чыккан үчүн кечирим суратуу туура эмес. Бул тууралуу 13-апрелде саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев журналистерге билдирди.

"Координаторлор, жетекчилер менен тыгыз жумуш жүргүзүүдөбүз. Иштеп жаткан медицина кызматкерлерине жанагыдай үстүнөн кысым көрсөтпөө аракетин жүргүзгүлө деп айтып жатабыз. Алар кандайдыр бир көйгөйдү айтышы мүмкүн. Эртеси күнү телевизорго же соцтармактарга чыгарып, кечирим суратуу негизи туура эмес", - деди Нурболот Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы адам 18-мартта катталган. 13-апрелге карата бул көрсөткүч 419га жетсе, алардын 79у медицина кызматкери.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости