www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Үй карантининде отурууга милдеттүү болгон жарандарга мониторинг кылуу системасы ишке кирди. Бул тууралуу коронавируска каршы түзүлгөн Республикалык штаб билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган адамдарга колдонулат.
Анын жол-жобосу төмөндөгүдөй:
Мобилдик тиркеме аркылуу адамдар өзүнүн абалы тууралуу медициналык кызматкерлерге аралыктан маалымат бере алат. Ошондой эле бейтаптардын ден соолугуна байкоо жүргүзүүгө шарт түзүп, дарыгерлердин ишин жеңилдетет;
Үй карантиндеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде SOS белгидеги баскычын колдонуп медиктерди чакыра алат;
Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана берилет. Мониторинг системасына мамлекеттик органдар тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат.
Мониторинг жүргүзүү системасы Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинен IT-штаб тарабынан иштелип чыкты.
Булак: NazarNews.kg