www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тарта коронавируска чалдыккандардын саны өсүүдө. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, акыркы 7 күн ичинде оорунун жайылуу көрсөткүчү (репродуктивдүү саны (жугуштуулугу)) Rt 1,3 түздү.

“2020-жылы сентябрь айында Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) коронавирустук инфекциянын мутацияланган жаңы штаммы (британ штаммы) катталганын билдирген. Ошол учурдан тартып дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө COVID-19 вирусунун аталган штаммы каттала баштаганы байкалган. 2021-жылы март-апрель айларында ДССУнун Новосибирск шаарындагы референс лабораториясына изилдөөгө жөнөтүлгөн биоматериалдардын 44%да “Британ”, бирден учур Түштүк Африка жана Индия, 39%да Россия штаммдары аныкталган”, - дейт ал.

Рахматуллаев катталган британ, түштүк-африка, индия штаммдары төмөнкү санитардык-гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарды аткарбаган шартта калк арасында оорунун көбөйүшүнө таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтат:

- коомдук жайларда беткап режимин, колдун гигиенасын сактабоо;

- чектөөлөргө карабастан маданий массалык жана салтанаттуу иш-чаралардын өткөрүлүшү;

- коомдук жайларда (коомдук тамактануу жайларында, транспортто, соода борборлорунда, базарларда жана башка жайларда аралыкты сактабоо;

- өзүнүн абалын туура эмес баалоо, сактыктын жоктугу, вирустук инфекциянын белгилери бар адамдар мектепке, жумушка жана коомдук жайларган барууну улантууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости