www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Насирдин Исанов каза болгондон кийин Өкмөт башчылыгына келген Турсунбек Чынгышев өз докладында «Камеко» компаниясын түзүк эле жактайт. 1992-жылы 4-декабрда Торонтодо кол коюлган генералдык келишимдин шарты боюнча, «Продукциянын үчтөн экиси Кыргызстанга, үчтөн бири компанияга калат: проектини аткаруу үчүн керек болгон финансы каражаттары толугу менен фирма тарабынан каржыланат. Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» (Булак: стенографиялык отчёттон) деп көп нерсени убада кылат. 66,75% акция жакшы, эгер ошого жараша жылына дивиденд алынса. Бирок андан көрө өндүрүлгөн алтындын 66,75% деген келишим болуп казынага түшсө элибиз жыргайт эле да. Бул келишим А. Акаевдин буйругу менен болгон да.

«Камеко» Канадада жайгашкан. Үч өлкөдө – Түштүк Африкада, Австралияда, Канадада «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү, 52% жеке компанияныкы. Ушундай ишенимдүү экен. Абдан авторитеттүү, солидный, высокопрофессиональный, анан мунун өзүнүн акчасы бар. Ары-бери акча издебей эле өз акчасын иштетет экен...» (Булак: ЖКнын стенографиялык отчёттон) деп байдын кызындай эле мактайт.

Келишимдин «мандемдүү» экени ушул жерде көрүнүп турат, окурман. Биринчиден, келишим мыйзам бузуу менен түзүлгөн. Экинчиден, башка компаниялардын сунушу эске алынган эмес. Тармактык министрликтердин макулдугу, геолог, юрист, экономист жана башка тиешелүү тоо кен адистеринин пикирин эч ким уккан эмес. Башкы келишимге кол коюуга Кыргыз Өкмөтү тарабынан Т. Чынгышев, өнөр жай министри Э. Өмүралиев, анан эксперт катары Акаевдин кеңешчиси еврей Л. Левитан катышкан. Ал эми парламенттик комиссиянын корутундусундагы маалымат боюнча «Камеко» тарабынан Торонто шаарында иштеген кызматы көрсөтүлбөгөн эки адам кол койгон. Мөөрү дагы басылган эмес. Ушундай белгисиз адамдар катышкан шектүү келишим кылым аферасына жол ачып берген.

Анан дагы кызык жагдай, «Кумтөр» боюнча иликтөөлөрүмдүн ичинен «Камеконун» 48% акциясы Канаданын өкмөтүнүкү» деген маалыматты эч жерден жолуктурган жокмун. Бул жөн эле курулай актануу болгон. Анан дагы компаниянын акчасынын көптүгү тууралуу Т. Чынгышевдин айткан маалыматы дагы калп. Ошончолук эле бай болсо, «Камеко» «Кумтөрдүн» алтынын күрөөгө коюп банктардан кредит албайт эле да. Премьер-министрдин, «Бир тыйын дагы республикадан кетпейт, анын ичинен 45 млн. доллары кайра кайтарылган шарттар менен сарп кылынат...» деген билдирүүсү дагы чындыкка дал келбейт.

Сөзүм кур болбош үчүн Жогорку Кеңештин 2012-жылдын 15-февралындагы №1642-V токтому менен түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиясынын ушул 45,0 млн. долларлык инвестициясы тууралуу билдирүүсүн жарыялайын. Анда мындай далилдүү маалыматтар камтылган: «КГК вкладывала инвестиции в сумме 45,0 млн. долларов США в целях освоения месторождения Кумтор и организации дальнейших геолого-поисковых работ. Указанная сумма являлась частью собственности КГК (Кумтор Голд компании) и не являлась кредитом, однако в уставных документах КГК не было указано, как влияет на уставный капитал и распределение прибыли данная сумма. Данная инвестиция вкладывалась через КГК и являлась его собственностью и капиталом, который должен в будущем приносить прибыль и распределяться между акционерами.

Но указанный механизм не был расписан в Соглашении. Роль «Камеко» в финансировании непонятна: пункт 3.4 соглашения предусматривал 45,0 млн. доларов США как часть концессии «Камеко» через КГК, а согласно пункту 3.3 данная сумма являлась инвестицией, и не рассматривался как прямой платеж по концессии. Согласно пункту 1 Закона о концессиях, только Правительство КР имеет право распоряжаться прямыми платежами по концессии, поступившими от совместных предприятий-концессионеров, а не «Камеко», которая уплачивает 45,0 млн. долларов США как концессионный платеж, а затем распоряжается сама, вкладывая их в качестве инвестиции. В последующем, после внесенных изменений и дополнений к Генеральному соглашению, выделяемые «Камеко» 45 млн. долл. США были определены как начальная инвестиция, однако в то же время из данной суммы 30 млн. долл. США «Камеко» обязалась от имени «Кыргызалтына» внести как 2/3 доли 329 «Кыргызалтына», т. е. «Камеко» вроде бы инвестирует 45 млн. долл. США, но параллельно большую часть из них (30 млн) предусматривает в качестве косвенного концессионного платежа и только 15 млн. долл. США – как инвестицию.

Несмотря, на то что первоначально данные суммы не являлись займом и были невозвращаемыми, в последующем, они были учтены как предоставленный «Кыргызалтыну» займ. Таким образом, получается, что со стороны «Камеко» не было никакой инвестиции, а развитие проекта осуществлялось за счет заемных средств, полученных под гарантию Правительства КР, и основное время по уплате долгов несла кыргызская сторона как владелец 2/3 доли проекта «Кумтор.» (Булак: «Кумтөр» боюнча депутаттык комиссиянын отчётунан).

Алтын кенин иштетүүнү максат кылган Башкы макулдашуу ушинтип эле башынан бузулган. Аны так аткарууну талап кылууга милдеттүү адамдар, тескерисинче, канадалыктарды колдоп жүрүштү.

Ошо кездеги Өкмөт башчысы Турсунбек Чынгышевди колу менен «чок карматкан» Президент Аскар Акаев билмексен болуп отурганынын жөнү бар экен. Көрсө, келишимде каралган «үчтөн эки Кыргызстанга, үчтөн бири «Камекого» тиешелүү» дегени өндүрүлгөн продукция эмес, түшкөн таза пайданын үлүшү экенин көпчүлүк биле берген эмес. Бул жерде депутаттардын дагы башын айландыруу аракети болгон. Ал деле көпкө созулбады. Келишимдин «мандеми» билинип калып, «легендарлуу» парламентте атайын депутаттык комиссия түзүлүп, көптөгөн «былыктарды» сууруп чыга баштаганда, Президент Аскар Акаев демилгени колго алып, парламенттик комиссиядан кутулуунун аргасын табат.

Ал парламентте күнөөнү Бирштейнге артып, аны менен кызматташууну токтотконун, ал убадаларын аткарбаганын айтып, чет элдик фирмага ишенип комитет түзгөн катасын мойнуна алат. «Өкмөттүн алтын өндүрүү боюнча программасы жок», деп, Премьер-министр Турсунбек Чынгышевди министрлер кабинети менен кошо кызматынан кетирген. Ошондогу башкы прокурор Асанбек Шаршеналиевдин, «Считать работу депутатской комиссии Жогорку Кенеша по проверке золотого запаса республики оконченным» деген сыяктуу алдын ала чечим чыгарган токтомун парламентке сүйрөй келип, сүр көрсөтүп, аким, директор, чиновниктерди, «кызматтан кетирем» деп опузалайт. Айтор, Президент А. Акаев кандайдыр бир себептерге таянып, ар кандай жолдор менен бирине кылмыш ишин козгоп, бирине кызмат, бирине сыйлык берип дегендей, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу максатына жеткен.

Баарынан кызыгы да ошол учурдагы Кыргызстандын Башкы прокурору А. Шаршеналиев Канаданын Торонто шаарына барып, «мандемдүү» келишимди колдоп, бүтүм чыгарып келгени.

Чынгышевдин ордуна Өкмөт башчылык кызматка келген Апас Жумагулов, «...Что оно потеряет, национальное богатство – это не верно. Из чистой прибыли порядка 550 млн. – это наши доходы. Доходы «Камеко» 170...» деп, (Булак: стенографиялык отчёттон) Чынгышев айткан, башкы келишим боюнча өндүргөн алтын продукциясын бөлүштүрүү жомок экенин ачыктап коёт.

Ошентип, алтын мафиясына «тиш кайраган» Жогорку Кеңештеги депутаттык комиссиядан кутулган Аскар Акаев канадалык компаниянын кызыкчылыгын коргош үчүн Президенттик кызматын болушунча кыянатчылык менен пайдаланган.

Эми келишимдин юридикалык жагына токтололу. Кумтөр кенин иштетүү боюнча эки тараптуу макулдашуу Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациядан өткөн эмес. Конституцияда «Эл аралык келишимдер Жогорку Кеңеш аркылуу бекитилет» деп жазылып турат. Эл аралык келишимдер боюнча мыйзамдын 11-беренесинде, «мейли менчик, мейли чет элдиктер болсун, тоо кендери боюнча иш кылышса, ал келишимдер Жогорку Кеңештен мыйзам катары ратификациядан өтсүн», деген талаптар бар. Бирок, Аскар Акаев «легендарлуу» парламентти тараткандан кийин, өзүнүн Жарлыгы менен эки тараптуу келишимди ратификация кылганы бизге маалым. Демек, бул ири долбоор «чу» дегенде эле мыйзам бузуулар менен башталган. Ошондуктан, аны башынан эле криминалдуу, көз боёмочулук, шылуундук жол менен түзүлгөн келишим деп айтууга толук негиз бар.

КУБАНЫЧБЕК ИСАБЕКОВ, Жогорку Кеңештин эки жолку чакырылышынын депутаты, экс-вице-спикери, КРнын Эмгек сиңирген экономисти, юридика илимдеринин кандидаты

Булак: NazarNews.kg

Последние новости