www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин мурдагы вице-мэри А.У.Ш. (Уланбек Азыгалиевге) мыйзамсыз баюу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен (УКМК) билдиришти.

Бишкек шаарынын мэриясында жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө коррупцияны аныктоо жана бөгөт коюу боюнча көрүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө жеке курулуш компанияларынын өкүлдөрүнө элиталык көп кабаттуу турак жайларды куруу үчүн муниципалдык жер тилкелерди берип камсыздоодо мыйзамсыз баюу фактылары аныкталды.

Такталгандай, Бишкек шаарынын жетекчи кызматында иштеген мурдагы мэри А.У.Ш. жана анын структуралык бөлүмдөрү кызматтык абалдарынан пайдаланышып, мыйзамсыз баюу жана материалдык артыкчылыктарды алуу максатында муниципалдык кызматтын кызыкчылыгына каршы келген, ыйгарым укуктарга ээ болгондуктан, өзүнө караштуу чарбалык субъектилердин өкүлдөрүнө көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат беришкендиги аныкталды.

Билдирилген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында А.У.Ш. жакын туугандарына, Бишкек шаарында жана Ысык-Көл облусунда 7 жер тилкеси, 11 кызматтык жайлар жана 4 турак жай, 11 батир жана 10 унаа токтотуучу жай, Ысык-Көл облусунда 2 коттедж жана 5 кымбат баалуу унааларды өзүнө тиешелүү адамдарга каттаткан.

Натыйжада А.У.Ш. жакын туугандарынын кирешелери кескин көбөйгөн. Анын байлыгы 100 миллион сомдон ашык каражатка бааланган.

Учурда кылмыш иши боюнча мыйзамсыз алынган мүлктөрдүн бардык тизмесин аныктоого багытталган ыкчам тергөө иш-чараларынын комплекси жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости