www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент 4-октябрда парламенттик шайлоо болорун белгиледи. Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча Transparency International  деген уюмдун айтканы боюнча 180 өлкөнүн ичинен 121-орунду ээлеп,  очорулуп ордунда калбай, алдыга жылып келатат. Бирок, эшеги ылайга баткан жол, унаа министрлигин тейлеген Жанат Бейшенов сыяктуу фракциялык партиялардын бул жерде иштебей эле пайда болгон суук тумшуктары, коррупциянын өсүшүнө эбегейсиз салым кошууда. Transparency International дегенди жаман көрбөйлү, анткени, аналитикалык дүйнөлүк жыйынтыктарды чыгарып жатат. Коррупция бул министрликте барбы? Мурунку министри 500 миң доллар менен булганып кетүүгө аргасыз болгон. Коррупцияны оңдойм деп келген Жанат Бейшеновдун орун басары УКМКнын коррупцияга каршы күрөшүнүн кызматкерине 10 миң доллар берип жатканда колго түшкөн. Жанат Бейшенов сүйөмөлөгөн агенттиктин жетекчиси Анарбек Бекмуратов темир тордун аркасында буркурап ыйлап отурат.

Карантин элди кыйнады, бирок Жанат Бейшенов сыяктуу жетекчилерге “дасторконду” кенен ачып берди.  Ушул элдин ырыскысын сугунушкандар “дасторкондон” каалашынча ичип -жеген ушул министрликтин 12 кызматкери кетчү “сыз жерге” кетишип, билмексен болгон Жанат Бейшенов калп каткырып кала берди. Бул жерде да Жанат Бейшенов кош колдоп колдогон “Сосновка- Кара-Көл” туннелиндеги бекеттин  жетекчиси бар экени белгилүү. “Кыргыз темир жолу” ишканасынын жетекчиси Канатбек Абдыкеримов мыйзамсыз иштерге канатын кенен жайгандыгы боюнча көпчүлүк ызы-чуу, Жанат Бейшенов мындай маалыматтарга “быш” этип да койгон жок. Эсебин жаңы түзүлгөн өкмөт берер.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости