www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова күзүндө өтчү парламенттик шайлоодо эпидемиологиялык кырдаал эске алынып, тиешелүү чаралар көрүлөрүн ЖМКларга билдирди.

Саясий партиялар талапкердин тизмеси жана башка керектүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына 24-августка чейин бериши керек. Шайлоого катыша турган партияларды каттоо 3-сентябрда аяктап, 4-сентябрда үгүт иштери башталат.

Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү кырдаалдан улам санитардык-гигиеналык талаптарга көңүл бурулат.

«Шайлоодогу бардык баскычтарды эске алып, ошого жараша иштер жасалат. Эң биринчи кезекте жарандардын ден соолугуна зыян келтирүүчү тобокелдиктер жөнгө салынат. Андыктан ар бир баскычта санитардык-эпидемиологиялык чаралар боюнча комплекстүү иштер жасалат. Атайын алгоритм да иштелип чыккан. Добуш берүү күнү өзгөчө көңүл бурулат», - деди Шайлдабекова.

Белгилей кетсек, президент Сооронбай Жээнбеков 3-июлда «Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» жарлыкка кол койду. Жарлыкка ылайык, парламенттин VII чакырылышына депутаттарды шайлоо 4-октябрга дайындалды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости