www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Социалдык тармактарда Бишкек шаарында коомдук транспорттордо эл тыгылып, батпай жаткан видео жарыяланды.

Видеотасманын автору “автобуста эл тыгылып, кире албай, батпай жатса короанвирус кантип жукпайт?  Өкмөт эмнени карап жатасыңар?”, -деп өкмөткө суроолуу кайрылды.

Белгилей кетсек, коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаары менен Чүй облусунан катталып жаткандыгына байланыштуу мекеме, ишканалардын иштөө тартиби жана коомдук транспорттордун каттамына өзгөртүүлөр киргизилген.

Бекитилген жаңы иш тартибине ылайык:

Жүргүнчү ташыган коомдук транспорттор иш күндөрү эртең мененки саат 7:00дөн 10:00гө чейин жана 17:00дөн 21:00гө чейин каттайт. Ишемби жана жекшемби күндөрү коомдук транспорттор каттамга чыкпайт;

Кафелер, ресторандар, коомдук тамактануучу жайлар саат 08:00дөн 20:00гө чейин гана иштейт;

Супермаркеттер, соода борборлору саат 07:00дөн 19:00гө чейин иштөө тартибине өтүшү керек;

Борбор калаанын аймагындагы бардык базарлар күн сайын саат 06:00дөн 17:00гө чейин иштейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости