www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жыл башынан бери өлкө аймагында кызамыктын 41 учуру катталды. Бул илдеттин көбөйүшүнө негизинен профилактикалык эмдөөдөн баш тартуу себеп болуп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Аймактар боюнча Бишкекте — сегиз, Жалал-Абадда — эки, Ошто — 27, Баткен менен Чүйдө экиден кишиден табылган.
"ДССУнун маалыматы боюнча, COVID-19 пандемиясынан жана калкты эмдөөнүн азайышынан улам пайда болгон кызамык оорусунун жайылып кетүү коркунучу бар. Мисалы (2-марттагы маалымат боюнча), Тажикстанда – 513, Түркияда – 286, Россияда – 233, Казакстанда – 75, Улуу Британияда 56 учур катталды. Кыргызстан өтө сак болушу керек", — деди КР саламаттык сактоо министрлиги.
Кызамык – аба аркылуу тез жугуучу вирустук оору. Инфекцияны аталган илдет менен ооруп жаткан адам таратат. Кызамыкка каршы эмдөө албаган адамдар ооруп жаткан бейтаптын жанында өтө кыска убакытта болсо да жуктуруп алышы мүмкүн.
Эмдөө — дарттан коргоонун бирден-бир жолу.