www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кечээ күнү белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров 6-ноябрда кол койгон токтом боюнча Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кайрадан экиге бөлүнүп, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлиги кайра пайда болду жана ага – жакында эле Тышкы иштер министрлигине берилген миграция маселелерин чечүү милдети жүктөлдү.
Андан тышкары, өкмөт алдындагы кээ бир агенттиктер кызмат болуп өзгөртүлүп, министрликтерге берилди – мисалга, Жаштар, дене тарбия жана спорт агенттиги департамент болуп кайра түзүлүп, Маданият министрлигине кошулду. Өтө эле өсүп кеткен мекемелердин санын кыскартабыз деген убадалар аткарылды, эми кайра жаңы мекеме түзө баштаса болот. Мисалга, ошентип Санариптик өнүгүү министрлиги кайра пайда болгон.
Бирок негизги маселе – ошол мекеме-министрликтер баары 100 пайызга иштеп, алдыга коюлган максаттарды аткарып, коом менен мамлекетти алдыга жылдырса. Мейли, алардын саны жүзгө деле жетсин, бирок чындап иштесин.