www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда бүгүнкү күндө органын алмаштырган 564 адам жашайт, анын ичинен 164 – боорун, 400 – бөйрөгүн алмаштыргандар. Бул тууралуу брифинг учурунда КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин медициналык жардамдарды уюштуруу жана коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева билдирди.

Анын айтымында, алмаштырылган органдар организмде чоочун болуп, трансляцияланган адамдар өмүр бою иммуносупрессанттарды ичиши керек. Ошентип, дайыма иммуносупрессивдүү терапияга байланыштуу адамдын иммунитети бир топ төмөндөйт. Ал бардык инфекцияларга, анын ичинде COVID-19га дагы алсызыраак болуп калат.

“Бул маалыматтарга таянып, биз органын алмаштырган адамдарды COVID-19га каршы милдеттүү түрдө эмдөөдөн өтүүгө жана өз өмүрүн коргоого чакырабыз”, - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости