www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн атайын лимиттер орнотулган. Бул тууралуу 11-июнда Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин мамлекеттик суу ресурстар агенттигинин орун басары Абдыбай Жайлообаев сугат суунун тартыштыгы боюнча маалымат жыйында айтты.

“Сугат суу маселелерин алдын алуу максатында атайын облустук штаб иш алып барууда. Себеби жергиликтүү дыйкандар өз билемдикке салып, сугат сууну буруп кетишүүдө. Биз атайын сугат сууну көзөмөлгө алуу үчүн эгин аянттарын тактап, атайын лимиттерди орноттук. Штаб мына ушул чектөөлөрдүн аткарылышын көзөмөлгө алууда”, - дейт Абдыбай Жайлообаев.

“Сугат тутумдарын оңдоо үчүн мурдагы жылы 296 миллион сом каралган, быйыл бул сумма 163 миллионго чейин кыскарды. Негизи сугат тутумдарынын нормалдуу иштөөсү үчүн 5 миллиард сом керектелет. Бирок бюджет аны көтөрө албайт. Акырындык менен система деградацияга учурап жатат", - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости