www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жер тилкелерин мыйзамсыз каттоо жана берүү боюнча коррупциялык схема аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Баткен облусунун мамлекеттик органдарынын системасындагы кызмат адамдарына расмий документтерди жасалма жол менен берүү жана каттоо үчүн туруктуу коррупциялык схема аныкталды. Натыйжада 2010-жылдан бүгүнкү күнгө чейин жасалма документтердин негизинде Баткен шаарында жеке турак жай куруу үчүн 77 жер тилкеси берилген.

Маалыматка ылайык, Баткен шаарынын мурдагы мэри «С.С.» Баткен шаарынын жасалма токтому менен ар жер тилкесин 40 миңден 70 миң сомго чейинки акча каражатына берип турган. Ошол эле учурда, Баткен облустук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын башчысынын орун басары «Э.К.», ушул жасалма токтомдордун негизинде 100 сомдон 200 миң сомго чейинки акчага жер участокторун бөлүп берүү үчүн архитектуралык документтерди даярдаган. Өз кезегинде, тиешелүү документтердин аткарылышы «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Баткен аймактык бөлүмүнүн башкы адиси «Н.Б.» тарабынан жүргүзүлүп ар бир иши үчүн 5 миңден 10 миң сомго чейин алып турганы аныкталды.

Баткен шаарынын тургундары “С.Ж.” жана УД, ортомчу болушуп, кардарларды таап бергендиги үчүн 60 миңден 100 миң сомго чейин алып турушкан.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында «С.С.», «Э.К.», «Н.Б.», «С.Ж.» жана «У.Д.» кармалып Баткен областтык ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Бүгүнкү күндө бир жер тилкенин орточо баасы 400 миң сомго жакын экендиги белгиленди.

Учурда иштин бардык жагдайларын жана бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости