www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлик вакциналардын эффективдүүлүгүн айтты

Коронавируска каршы эмдөөдөн өтүү илдетти жуктуруу, каза болуу тобокелдигин азайтат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен кабарлашып, өлкөдө колдонулуп жаткан вакциналардын эффективдүүлүгүн белгиледи.

Мекеменин маалыматына караганда, Sinopharm вакцинасынын эффективдүүлүгү 80 пайыз, Sputnik V вакцинасы 95 пайызга чейин. Ошондуктан калктын 70 пайызы эмделип, жалпы иммунитет иштелип чыкканга чейин бир дагы вакцина 100 пайыз коргой албайт дешет министрликтен.

"Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, COVID-19га каршы эки жолку эмдөөдөн кийин өнөкөт оорулар менен жабыркагандарда дагы илдет жеңил өтөт.

Адистер эмдөөдөн кийин COVID-19 оорусуна чалдыккан фактылар сейрек кездешип жатканын, бирок эмделген жарандарда оору жеңил формада өтөрүн айтышат. Жалпысынан ооруга көптөгөн факторлор, анын ичинде организмдин жалпы абалы таасир этет. COVID-19га каршы эмдөө инфекцияны жуктуруп алуу коркунучун азайтууга жардам бербестен, инфекциянын оор түрлөрүнүн пайда болушуна жол бербейт", - деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости