www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Борбор Азияда барган сайын орток тобокелчиликтер көбөйүп келе жатат. Мындай пикирди саясат таануучу, жарандык активист Руслан Акматбек айтты.
--"Борбор Азияда барган сайын орток тобокелчиликтер көбөйүп келе жатат. Кургакчылык, азык-түлүк, талибан, коопсуздук, пандемия, чек-ара, суу тартыштыгы, экономика, энергетика.
Садыр Жапаров, сиз демилге алып Борбор Азиядагы өлкөлөргө жогорудагы тобокелчиликтер менен орток күрөш боюнча сунуш жасабайсызбы? Биригип, регионалдуу күч болууга үндөбөйсүзбү.
Проблемаларыбызды орток аракет менен гана чече алабыз. Өзгөчө суу проблемасын. Бириктирүү демилгесин казак, өзбек туугандар тажиктер менен кыргыздарга бере койбойт албетте. Ташкентте же Нур-Султанда, айырмасы жок.
Биригишибиз керек. Принципиалдуу маселелер боюнча биригели. Бириксек чөлкөмдө бүт өлкөлөр пайда көрөт, баарыбыз утабыз! Борбор Азия утат! Кабыл албаса да биз сунуш кылалы, кандай дейсиз?Биз да ушу демилгенин күүсү менен аман калабыз", - деп жазган активист.
Булак: NazarNews.kg