www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) шарттарын эске алуу менен медициналык мекемелерде жеке коргонуучу каражаттарын колдонуу тартибине өзгөртүү киргизди. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Ал үчүн коронавирусту жуктуруп алуу кооптуулугу боюнча медицина мекемелери үч топко бөлүндү.
Биринчиси — вирус жуктуруу тобокелчилиги төмөн үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик-акушердик пунктулар. Бул жактарга оорулуу менен байланышта болбогон, вирустун белгилери жок же эпидемиологиялык абал анча кооптуу эмес өлкөлөрдөн келген жарандар кайрылса, дарыгер бир жолу колдонулуучу медициналык бет кап кийсе жетиштүү. Ошол эле учурда байтапта дагы бет кап болушу шарт;
Экинчиси — ушул эле мекемелер, бирок бейтап жөтөл, тамак оору сыяктуу вирустун белгилери менен келсе коргонуу каражаттарын өзгөртүшү керек. Мисалы, респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм же бир жолу кийилчү халат. Ошондой эле баш кийим, кол кап, алмаштыруучу туюк бут кийим болушу шарт;
Үчүнчүсү — коронавируска кабылгандар же шектелип жаткандар дарыланган оорукана, стационарлар. Ошондой эле обсервация жайлары, мобилдик бригада жана Тез жардам кызматы кирет. Буларда милдеттүү түрдө респиратор, көз айнек, бет калкан, коргонуучу костюм (же жеңи узун бир жолку кийинчү халат), бутка туюк бут кийим, анын үстүнөн бахила кийилет.
Өзгөртүүлөр дарыгерлер менен ыктыярчылардын кайрылуусун эске алуу менен киргизилди.
Белгилей кетсек, бүгүн коронавирус жуктуруп алгандардын саны 33 296 болду. Анын 21 205и айыгып, тилекке каршы, 1 301 киши көз жумду.
Булак: NazarNews.kg