www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүтүрүүчүлөр документтеринин түп нускасын ЖОЖдорго окуу жылдын башында гана бериши керек. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, коронавирус пандемиясынан улам быйыл Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлүүдө.

"ЖОЖдорго тапшырып жаткан бүтүрүүчүлөр анда билим ала турганын тастыкташ үчүн тиешелүү документтердин көчүрмөсүн гана тиркейт. Ал эми түп нускасын окуу жылдын башында беришет", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик кошумча сынактарды талап кылган адистиктер (маданият, искусство, дене тарбия, дизайн) боюнча экзамендер кадимки тартипте өтөрүн кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости