www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттик шайлоого катышуу ниетин билдирген саясий партиялар банктагы эсептерине акча которо башташты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка караганда, банктар саясий партиялардын шайлоо фондунун атайын эсебине түшкөн акчасы жана чыгымдары тууралуу БШКга апта сайын маалымат берип турууга милдеттүү. Өз кезегинде, БШК бул маалыматты ачык жарыялап турушу зарыл.

БШК билдиргендей, 20-июлга карата 43 партиянын 41и «РСК Банк» жана «Айыл Банк» банктарынан эсеп ачты. Азырынча алардын үчөө боюнча маалымат бар.

«Мекеним Кыргызстандын» эсебине 3 миллион сом, «Социал-демократтарга» 50 300 сом жана «Кыргызстандын жашылдар партиясына» 200 сом түшкөн.

Кыргызстандагы кезектеги парламенттик шайлоо быйыл 4-октябрга пландалууда. Шайлоого катышкысы келерин жалпысынан 44 саясий партия билдирген, БШК алардын бирөөнүн ыйгарым укуктуу өкүлүн каттоодон баш тартып койгондуктан азыр соттошуу уланууда. 

Айрым саясатчылар эпидемия учурунда шайлоо өткөрүүнүн кереги жок экенин айтып жатышат. Ал эми БШК бул жараянды өз убагында өткөрүү демократиялык өлкө үчүн маанилүү талап экенин билдирүүдө.

Президент Сооронбай Жээнбеков парламент өз мөөнөтүндө шайланып, жаңы өкмөттү бекитерин 18-июлда айтты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости