www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Молдо жанталашып катышкан жана молдо ыргыштап, катышкысы келбей, айбандык менен наадандыкка жол ачкан эки жүздүү мүнөзгө ээ болгон сөөк коюу жана мүрзө талаш боюнча бир чындык айтайын.

Эки ай мурун бир тууган таякем Исаков Абдыкасы каза болуп, Өкмөттүн чечими менен анын сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду. Кезегинде таякем республикалык Профсоюзду жетектеп келген.

Атасынан татыктуу таалим-тарбия алган Эркин жана Эрнис деген уулдары таякемдин башын ылдый каратышкан жок. Роза Отунбаеванын тушунда Эркин Абдыкасиевич жол-транспорт министри кызматында турса, Эрнис Абдыкасиевич аскер прокуратурасынын жетекчиси эле.

Балдары чоң кызматта иштегендиктен, таякемди акыркы сапарга узатуу зыйнатына муфтияттан молдо келип, жаназа окуду.

Эң кызыгы: Ала-Арча көрүстөнү Союздан бери келе жаткан эски көрүстөн болгондуктан, ал жерде атеисти дагы, баптиси дагы, христианы дагы, жада калса, еврейдин мүрзөсү дагы турат...

"Өлүм бар жерде молдо семирет" болгон молдокебиз таякемдин кадырлуу жана тыйындуу уулдарынын чакыруусу боюнча келип, сөөктү жерге берээрде олтура калып, "жалпы арбактарга куран окуйлу" деп, озолонуп кирсе болобу...

Ал жерде Жантөрө Сатыбалдиев баш болгон министрлер, Өкмөт мүчөлөрү бар болчу. Эгер молдо бир нерсе деп, "кыңк" десе, анда молдону, көчөнүн тили менен айтканда, "...." коюшмак.

Атаңдын көрү, дүнүйө! Кандай гана эки жүздүүлүк! Бир баласы экс-министр, экинчиси военный прокурор болгон маркум үчүн молдолор, керек болсо, арамды адал кыла салышат. Ал эми Ала-Букадагы бей-бечара кемпир өлсө, анын сөөгүн "баптист", "каапыр" деп каздыртып, адамкерчиликке жатпаган наадандыкка барышат...

Мир Тоялиев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости