www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Ажосу  Сооронбай Шарипович Жээнбековко!

Урматтуу Кыргыз калкынын Ажосу Сооронбай Мырза!

Мактоо ирээтинде эмес, тактоо багытында айтсак, Сиз ушул ажолук такка олтургандан баштап, Жакшылыктын жышааны көрүнүп калды. Өзгөчө, эл аралык денгээлдеги жылдар бойу чечилбей келген көйгөйлүү маселелерди акылмандык жана сабырдуулук менен, бирөөлөргө тизе бүкпөстөн, тең аталыктан тайыбай чечип жатканыңыз кубандырат! Ушундай улуктуктан эч жазбаңыз!

Кече, жалпы кыргызстандыктар Сиздин укук коргоо жана сот тармагындагыларга айткан сөзүңүзгө күбө болдук! Жалаң жалгандыктан чарчап тажагандардын зарланган үнү, муңу Сизге жетиптир. Себеби, чаңырган далилдер менен алдыңарда олтурган чытыраган курсактуу погончуларга кайрылып, алардын ашынган текеберлигин, амалкөйлүгүн каңырыгыңар түтөп, аларадын көздөрүн чукуп, айтып жаттыңар. А бир ак, өтө чочутпай, жумшагыраак эскертип айттыңар. 

Андыктан, Сизден өтүнүч, каардуурак муштум кесеп, катырып катуурак айтып, ошол жерден ээлеген кызматына татыктуу эместердин бир-экөөсүнө катуу сөгүш же болбосо, кылмыш иштерин козгоп койсоңуз, оо кыйналып-кысталган, чыркыраган чындыктан үмүттөрү үзүлгөн карапайып калк Сизге жандилинен кол чаап, абдан ыраазы болот эле, атаганат! Эми андай Сталиндик каар алдыда деп ойлойбуз, жана ошондой кадамдарды колдойбуз! 

Жеке менин ыраазы болгонум, көрсө, Сизге жазган өтүнүч каттарды көбү өз колуңарга тийип, аларды кылдааттык менен окуп чыкканыңарга чексиз кубанып, бир чети таңкалдым! Орусча айтканда, "неужели, ошончолук кат-кабарды жеке өзү окуп чыктыбы?"– деп.

Эгерде...

Эгерде, Сиз менин дагы жөнөткөн кат-арыз Сиздин колуңузга тийсе, анда, андай маалыматты Гиннесс Китебине киргизсе болот деп ойлойсуз. Тамара Ивановна Демченко деген пенсионер кемпирдин ишин соттор 17 (он жети) жыл бойу карашып, эч күнөөсүз 75 жаштан ашкан пенсионердин үй жайын алып койушкан. Жол кырсыгында Тамара Ивановнанын эч күнөөсү жок деп аныкталса да, карга карганын көзүн чукубайт деген чын экен, Демченко жалгыз жашаган үйүнөн айырылып, көчөдө калган тозоктун отуна кабылган. Т. И. Демченконун дареги: Тоголок Молдо – 35 кв. 11; 0312-375219.

Сиздин жардамчыларыңар ушул кайрылууну окушса, жалгыз калган жесир кемпирге чалып койушса канчалык соопко калышмак эле...

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Сиз чечкиндүү жакшы кадамдарды жасап жатасыз. Эң негизгиси, Сизге ишеним үмүт артып, Сизди шайлаган Элиңизге тайанып. Ишенгиле жумурай журтка! Эгерде ашынган жемкорлорду четинен каматсаңар, албетте, мыйзам чегинде, калдайган карапайым калктын Сизге карата ишеними артып, Ажосу үчүн Аска Зоодон артык калканыч болуп берет! Эгерде, Элдин арасынан чыккан ар намыскөй, аттуу-баштуу, илим-билимдүү атуулдардан, ардуу айым-мырзалардан өзүңөргө Кеңешчилерди талдап алсаңар, анда дал ошолор Сизге жетпеген көйгөйлөрдүн көзүн ачып, чыркыраган ЧЫНДЫКТЫ жеткизип турушмак. Ошондо Сиз менен Элдин ортосунда жандуу жана жагымдуу өтө ыкчамдуу байланыш түзүлмөк. Ошондо... Ошондо, Сиз аркалуу, Ак Үйгө, демек бийликке ишеним-үмүттүн шооласы кайрадан жанмак. Ошондо, Сиз чындап эле, ЭЛДИК АЖОГО айланып, сый-урмат, кадыр-барктын ээсине айланасыз! Андан өткөн Бакыт барбы!!! Урматтуу Сооронбай Мырза! Сизге албан ийигилик каалап, көз карандысыз журналист, публицист Мелис Шамшидинович Арып-Бек.

Эгерде Сиздин жардамчылар ой бөлүшсө менин дарегим:

Бишкек ш. Суванбердиева к-сү 108/87; 0312-514871;

Булак: NazarNews.kg

Последние новости